Жаңылыктар
Баңги затын жайылтпоо максатында ишке ашкан КАДАП - 7 программасы талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Баңги затын жайылтпоо максатында ишке ашкан КАДАП - 7 программасы талкууланды

Юстиция министринин орун басары, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы, Борбор Азиядагы баңгиликтин алдын алуу программасынын башчысы Эрнест Робелло жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн программалык менеджери Косимо Ламберти менен жолугушту. 

Тараптар Кыргызстандагы жабык мекемелерде баңги затын жайылтпоо максатында ишке ашкан КАДАП - 7 программасын талкуулашты. ЖАМК төрагасы бул программанын алкагында эл аралык уюмдардын жардамы менен баңгиликтин жана ВИЧ / СПИДдин таралышы баңгиликке байланыштуу соттолгондорду дарылоонун жана калыбына келтирүүнүн ар кандай ыкмалары киргизилгенин белгиледи. Абак жайларында алкоголдон жана баңги заттан арылуу үчүн “Атлантис” реабилитациялоо борборлору түзүлгөн.

Программа химиялык жактан көз каранды адамдарды дарылоонун Миннесота моделине негизделген, ошондой эле бетаптарды социалдык жактан колдоо, социалдык кызматкерлерди бейтаптар менен иштөөгө үйрөтүү жагын камтыйт. “Таза аймактар” жана “Атлантис” калыбына келтирүү борборлору Евро Биримдиктин каржылоосунда КАДАПдын мурдагы фазаларында тузөтүүчү мекемелерге киргизилген. Соттолгондор менен нарколог-дарыгерлер, социалдык кызматкерлер жана психологдор иш алып барат.