Жаңылыктар
Мухаммедкалый Абылгазиев үй камагына чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мухаммедкалый Абылгазиев үй камагына чыгарылды

Коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. 

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, 20-августта райондук сотко Абылгазиевдин ден соолугунун начарлашына жана келтирилген зыяндын ордун толтуруп бергендигине байланыштуу анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Башкы прокуратура арыз менен кайрылган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен Мухаммедкалый Абылгазиев сыртка чыкпоо тил катын жазып берип, үй камагына чыгарылды. Ошондой эле мамлекетке 50 миллион сом төлөп берди. 

Абылгазиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет быйыл 26-январда кармап, ал “өкмөт башчы болуп турганда мыйзам бузуп, «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгонун, кесепетинен кендин жалпы аймагы эки эсе көбөйгөнүн” билдирген. Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу. 

Мындан тышкары, УКМК “Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштырыш үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган жана тандалма көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон” деп маалымдаган. УКМК 2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганын айткан жана бул боюнча кылмыш ишин козгогон. Мунун артында ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев турганы айтылган. Абылгазиев бул билдирүүнү саясатташкан жалаа деп баалаган.