Өлкөдөн катализаторлорду ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Тагыраагы, мурда пайдаланылган катализаторлорду, анда камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн, калдыктарын жана сыныктарын, катализаторлор бар болгон учурда үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү, алардын бөлүктөрүн экспорттого алты айлык мөөнөткө тыюу салынды.
Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Убактылуу тыюу салуу чечими транспорттук газдардын абага булгануусун азайтуу менен адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү коргоого багытталган. Бажы жана чек ара кызматтарына көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды.