Бишкекте кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн республикалык кеңешме өттү. Анда кыргыз тилин окутуунун өркүндөтүлгөн концепциясынын долбоору, кыргыз адабиятын окутуунун актуалдуу маселелери, көп тилдүү билим берүү, «Манас» эпосун окутуу, кыргыз тилинде китеп чыгаруу маселелери, «Улут» мобилдик тиркемеси жана анын мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу баяндамалар жасалды.
«Татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү - өлкөнүн өнүгүшүнүн жана өркүндөшүнүн өбөлгөсү» аталышындагы кеңешмеге Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле өлкөнүн жети дубанынан келген кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты.