Жаңылыктар
Суусамыр өрөөнүндөгү жол кырсыгынын кесепетинен 9 адам каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Суусамыр өрөөнүндөгү жол кырсыгынын кесепетинен 9 адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунун 201-чакырымындагы Суусамыр өрөөнүндө Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 9 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Кырсыктын кесепетинен жеринде 9 адам (6 аял, 2 эркек жана 1 жаш бала) каза болуп, 1 эркек жаракат алган. Жерине ӨКМдин 5 куткаруучусу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамга жеринде тез жардам кызматы тарабынан жардам көрсөтүлгөн.