Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Анкарада сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Элчиликтин маалыматына ылайык, маданий иш-чараны Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги менен Анкара шаарынын мэриясы биргеликте уюштуруп жатат. Сүрөт көргөзмөсү 23-28-август күндөрү Зафер чаршысынын Көркөм сүрөт галереясында өтүп, баардык каалоочулар чакырылат.