Президент Садыр Жапаров 23-августта Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында байге алган Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова баштаган кыргызстандык спортчулар жана алардын машыктыруучуларын расмий куттуктап, сыйлоо аземи болот.
Иш-чара КТРК жана Ала-Тоо 24 каналы аркылуу түз алып көрсөтүлөт. Эскерте кетсек, Токиодо 23-июлдан 8-августка чейин өткөн жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу ат салышты. Алардын ичинен эркин күрөштөн 5, грек-рим күрөшү боюнча 4, жеңил атлетикадан 2, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.
Жыйынтыгында балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утуп, анын бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге болду. Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды. Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы коло медаль.