Жаңылыктар
ИИМ: Өлкө аймагында 187 тоннадан ашуун кара куурай жок кылынды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Өлкө аймагында 187 тоннадан ашуун кара куурай жок кылынды

Үстүбүздөгү жылдын июль жана август айларында өлкө аймагында 3023 гектар жер изилденди, анын ичинен 250,7 гектарда өсүүчү кара куурай орулуп, жалпы салмагы 187 тонна 675 кг түзгөн кара куурай өрттөө жолу менен жок кылынды. Бул иштер «Кара куурай» аталышындагы операциянын жүрүшүндө өлкө аймагында кара куурай өсүмдүгүн жок кылуу максатында жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган операцияны өткөрүү учурунда ИИМ тарабынан 93 кылмыштын бети ачылса, 21 баңгизатына байланышкан кылмыш аныкталып бети ачылган, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 244 кг 857 гр баңгизаттар жана прекурсорлор алынган. 

Анын ичинен: гашиш - 10 кг 109 гр., психотропттук заттар -7 гр., марихуана - 231 кг 623 гр., кара куурай - 2 кг 171 гр. туз кислотасы - 596 гр., күкүрт кислотасы - 351 гр. Ошондой эле, бул операциянын алкагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 10 бирдик ок атуучу курал жана 62 даана ок - дары алынгандыгы маалымдалды.