Жаңылыктар
Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны башталды

Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны башталды. Жыйынга Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Орусиянын өкмөт башчылары ошондой эле Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышууда. Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус катышууда. Бүгүн жыйындын катышуучулары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Негизинен саммиттин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.Иш чарага кабарчыбыз Айжан Омолдошова көз салууда.