Ысык-Көл облусунда III кыргыз-орус бизнес-форуму башталды. Иш-чаранын алкагында Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү чыгып сүйлөшүүдө. Форумду Кыргыз-россия өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков ачып, бул пандемиядан берки бизнес өкүлдөрү жолуккан алгачкы ири иш-чара экенин белгиледи.
Пленардык отурумдан тышкары: Улуу Жибек Жолунда туризмди өнүктүрүүнүн горизонту, чакан гидроэнергетиканы биргеликте өнүктүрүү, кластердик саясат экономиканын атаандаштыкка туруштук берүүсүн жогорулатуунун куралы катары, санарип көчмөндөр, Кыргызстандагы санариптик трансформация жана финансылык технологиялар, Кыргызстан - ЕАЭБге багытталган логистикалык инфраструктуранын борбору деген аталышта беш пленардык сессия пландалган.