Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болот
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болот

Президент Садыр Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болот. Мамлекет башчысы Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумун өткөрүүгө байланыштуу эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга катышат. 

Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдиктин катышуучу өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуп, Биримдик алкагында кызматташтык маселелери жана интеграция чараларын тереңдетүү боюнча пикир алмашат.

Андан соң, президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусу боюнча иш сапарын баштап, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларга катышып, ошондой эле өндүрүштүк жана өнөр жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Белгилей кетсек, 19-20-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отуруму өтөт.