Жаңылыктар
Бизнести колдоо демилгеси
Кыргызстан жаңылыктары
Бизнести колдоо демилгеси

Мындан ары ишкерлерди ашыкча текшерүүгө тыюу салынат. Президент Садыр Жапаров участкалык милиция кызматкерлерине ишкерлерди текшерүү укугун берүү демилгесине каршы чыкты. Азыркы тапта Экономика жана финансы министрлиги юстиция министрлиги менен биргеликте айрым кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизип, ишкерлерди ашыкча текшерүүнү жоюу боюнча мыйзам долбоорун даярдоодо.

Жүздөгөн жергиликтүү тургундарды жумуш орду менен камсыз кылып, жыл сайын кирешесин арттырган ишкана 20 жылдан ашык убакыттан бери ата мекендик рынокто өз продукциясын кеңири таанытканга жетишти. Ишкана ээси кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү үчүн ашыкча текшерүүлөр жолтоо гана болоорун айтышат. 

Өлкөдө орто жана чакан бизнес жакшы жолго коюлуп, алардын кирешеси жыл сайын көбөйүүдө. Анын натыйжасында калктын басымдуу бөлүгү жумуш менен камсыз болуп, айыл-чарба тармагын жандандырып, ата мекендик продукцияны арбын өндүрсө болот. 

Өлкөдө 58 миңден ашык ишкерлик субъект бар. Тилекке каршы алардын жарымы көмүскө иш алып баргандыктан, мамлекетке салык түшпөйт. Эгерде текшерүүлөрдүн санын азайтып ар бир ишкананын өнүгүшүнө мамлекет тарабынан колдоо болсо алар да каржылык булактарын ачыкка чыгарып таза иштөөгө аракет кылмак.

Экономисттер буга чейин бир нече ирет ишкерлерди колдоо боюнча демилге көтөрүп чыгышкан. Эгерде текшерүүгө мароторий киргизилсе пандемиядан кийин аксап турган экономикага бир топ колдоо болмок.

Мамлекет башчы бул боюнча пикирин билдирип, участкалык милиция кызматкерлери өздөрүнүн коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча гана профилактикалык ишин алып барууга милдеттүү экенин эскертти. Мындай каршылык менен ал инвестиция тартуу жана ишкерликке жагымдуу шарт түзүү аракетин колдоду.