Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Төрабай Зулпукаров менен мурдагы төрага Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын 30-сентябрга чейин узартты.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Кумтөр” иши боюнча бир катар аткаминерди айыптаган болчу. 31-майда комитет суракка чакырылгандан кийин мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаевди убактылуу кармоочу жайга киргизген. Ал эми 9-июнда мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарымбаев, экс-депутат Алмазбек Батырбеков кармалган.
“Кумтөр” ишине шектелген билдирме өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Динара Молдошевага жөнөтүлүп, кармалгандан кийин эч жакка чыкпоо тилкаты менен үй камагына чыгарылган. Ошондой эле мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев камакта. Буга чейин тергөө менен кызматташуу келишими менен Алмазбек Баатырбеков, Талантбек Узакбаев, Исхак Пирматов, Тайырбек Сарпашев үй камагына чыккан.