Президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши бизнес чөйрөдө болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшө турган натыйжалуу орган болушу керек. Бул тууралуу бүгүн кеңештин алгачкы отурумунда белгиленди. Жыйында мамлекеттик мекеме өкүлдөрү жана ишкерлер мындан аркы кадамдарды талкуулап, иштөө ыкмаларын талдашты.
Президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши мамлекеттик органдардын кызматкерлери, парламент депутаттары, ишкерлер өздөрү жана бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү кирген кеңири форматтагы уюм болуп түзүлдү. Кеңеш июнь айында президент бизнес коомчулук менен болгон жолугушуусунан кийин түзүлгөн. Мына ошондо ишкерлерди негизсиз текшерүү, мамлекеттик мекемелердеги бюрократия жана жасалма тоскоолдуктар тууралуу көптөгөн көйгөйлөр айтылган. Андыктан уюмдун алдында бизнестин маселесин чечүүгө багытталган олуттуу тапшырмалар турат.