Жайдын кургак, аптаптуу болуусу айыл чарба өнүмдөрүнө да таасирин тийгизүүдө. Дыйкандар, суу тартыштыгынан ойдогудай түшүм ала албай калганын айтууда. Ал арада, күнөстүү Ош дубанында бышымчылык башталгандан бери, сыртка 12 миң тоннадай жашылча-жемиш экспорттолгон.
Жаркынай Акматова, дыйканчылык боюнча мырзалардан кем калышпаган тажырыйбага ээ. Кээ жылдары текейден арзан бааланып, жайы менен тапкан түшүмү таштандыга төгүлгөн учурларына карабай, жылда дарбыз өстүргөндөн тажабайт. Быйыл, 60 сотых дарбыз аянтынан кеминде 230 миң сомдой киреше табам деп ниеттенүүдө.
Булардын түшүмдүүлүгү аба ырайынан көз каранды. Аталган аймакта жайдын саратанында абанын температурасы +45 градуска чейин көтөрүлөт. Мындайда, жашылча-жемиштерге сугат суу эки эсе талап кылынат. Жайдын салкын, жаан-чачындуу болушу - мол түшүмгө өбөлгө болсо, аптаптуу, кургакчыл учур дыйкандардын капчыгына зыян алып келет.