Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Өзбекстандын Президентин туулган күнү менен куттуктап, ага күч-кубат, ошондой эле Өзбекстанды өнүктүрүүгө багытталган иштерине ийгиликтерди каалады. Мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги алдында Өзбекстанда калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жогорку ыргактагы экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган маанилүү өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын белгиледи. Садыр Жапаров боордош Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык даремети жогору экенин канааттануу менен белгилеп, мындан ары эки тараптуу байланыштын бардык комплексин өркүндөтүү максатында, Мамлекет башчысы президент Шавкат Мирзиёевди ага ыңгайлуу болгон учурда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.