Дипломатия академиясын түптөгөн ардактуу ардагер Нурказы Кемелбаевдин сөөгү жерге берилди. Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи, профессор, мамлекеттик ишмер 82 жаш курагында көпкө созулган оорудан кийин каза болгон. Маркумду акыркы сапарга узатууга чогулган кесиптештери, коомдук ишмерлер жана жакындары анын басып өткөн жолу мекенине чын ниети менен кызмат кылуунун үлгүсү экенин белгилешти.