Жаңылыктар
Бишкектин жолдорун оңдоо иштери уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин жолдорун оңдоо иштери уланууда

Бишкектин жолдорун оңдоо иштери уланууда. Учурда реконструкция жумуштары эки багытта жүрүп жатат: бири шаар казынасынан каралган каражатка, экинчиси Кытай бөлгөн гранттын эсебинен. Буга чейин иш аяктаганда курулуш таштандылары жыйналбай калган жана жаңы жасалган жолдор көпкө узабай жыртылып-тешилип калган учурлар катталган. Жолчулар бул ирет андай көрүнүштөргө жол берилбейт деп ишендирүүдө.