Жаңылыктар
Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды

Садыр Жапаров Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындап, тиешелүү жарлыкка кол койду. 

Ага ылайык, Абдикарим Алимбаев Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына Сабыркул Ашимбаев бекиди. Ал эми Зиядин Жамалдинов Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болду. Мирбек Кожоев Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындалды. Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков болду. Абсаттар Сыргабаев Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. Эркин Тентишев Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болду. Эске салсак, буга чейин Президенттин жарлыгы менен натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыздоо, аймактарда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында, Министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр институту Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп түзүлгөн.