Баткен облусунун Максат айылында курулган орто мектеп 1-сентябрда окуучуларды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Президенттин тапшырмасы менен аталган аймакка барганда айтты.
Марипов иш сапарынын жүрүшүндө Лейлек районунун Кулунду жана Сада айылынын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин укту. Ошондой эле, Максат айылында фельдшердик-акушердик пункттун курулушу аяктоо алдында турат. Милициянын аймактык бөлүмүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Максат айылындагы мектеп толугу менен калыбына келтирилип, 100 орунга эсептелген «Сейтек» балдар бакчасынын курулушу 70%га жыйынтыкталган. Мындан тышкары, 10 турак жайдын салынып, 40 үйдүн курулушу 70%га бүткөрүлгөн. Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында жалпысынан 83 турак жай объектиси курулмакчы. Эске салсак, апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын натыйжасында жабыркаган айылдардын катарында Максат айылы да бар.