Жаңылыктар
Тоют азыктары кошумча нарк салыгынан бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Тоют азыктары кошумча нарк салыгынан бошотулду

Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу, мал чарба жүргүзүүчү субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында импорттолгон бир катар тоют азыктары кошумча нарк салыгынан бошотулду. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Атап айтканда, салык алынуучу жеткирүүлөр жана салык алынуучу импорт боюнча кошумча наркка нөл пайыз өлчөмүндө салык ставкасы 2021-жылдын 15-июлунан 31-декабрына чейин тазаланбаган, майдаланган же майдаланбаган, жанчылган же жанчылбаган, пресстелген же дан өсүмдүктөрү, саман, мөмө-жемиштүү, жалбырактуу кызылча, тоют тамыр өсүмдүктөрү, чөп, беде, кара беде, эспарцет, тоют капустасы, бөрү буурчак, жер буурчак жана ушул сыяктуу дандуу же майдаланган тоют азыктары, жүгөрү, арпа, сулуу үчүн белгиленген. Ушул жылдын 1-июлунан 31-августка чейин ушул сыяктуу салык жеңилдиги кум шекерге, өсүмдүк майына, ал эми 1-июлдан 31-декабрга чейин малга, анын ичинде жылкы, ири мүйүздүү мал, чочко, кой-эчки жана канаттуулар үчүн киргизилген.

КНСтин алынып салынышы бодо малды ташып келүүнүн көлөмүн көбөйтөт, ошондой эле жер аянтын кеңейтүүгө, бордоп семиртүүчү жайлардын материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө, этти кайра иштетүү тармагы үчүн тоют жана чийки зат менен камсыз кылуу боюнча тапшырыктарды көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.