Жаңылыктар
Тажикстанда убактылуу турган этникалык кыргыздар маселеси
Кыргызстан жаңылыктары
Тажикстанда убактылуу турган этникалык кыргыздар маселеси

Министрлер кабинети Афганистандан качып чыгып, Тажикстанда убактылуу турган этникалык кыргыздар боюнча маселени карады. Төраганын орун басары Жылдыз Бакашова өткөргөн жыйында сөз болуп жаткан кичи памирлик кыргыздар тууралуу Тышкы иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана УКМКнын маалыматтары айтылды.

"Кыргызстан этникалык кыргыздарды кабыл алууга даяр. Ушул тапта ТИМ Тажикстан өкмөтү жана БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Башка ведомстволорго аларды тосуп алып жайгаштыруу жана жардам көрсөтүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми ТИМге аларга ушул тапта "Чек арасыз дарыгерлер" уюму аркылуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча талап коюлду.

Эскерте кетсек, 14-июль күнү Тажикстан Афганистандагы кырдаалдын курчушунан улам качып чыккан этникалык кыргыздарды кабыл алганын айткан. 77 адамдын ичинен 26сы эркек, 20сы аял, калган 31и жашы жете элек балдар экени маалымдалган.