16-июлда Бакудан Бишкекке AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасы келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев COVID-19 коронавирустук вакцинасына каршы күрөшүүнүн алкагында «Манас эл аралык аэропортунда Бакудан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы жүктөлгөн гуманитардык жардамды алып келген учакты тосуп алышты.
Кыргыз тарап Азербайжанга өлкөлөрдүн ортосундагы бир туугандык мамилелердин көрүнүшү болгон бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.
Аталган гуманитардык жардамды берүү тууралуу келишим тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин 2021-жылы 1-3-июлда Азербайжанга расмий иш сапарынын алкагында жетишилген.
Белгилей кетсек, бул Азербайжандын Кыргызстанга жиберген биринчи жардамы эмес. Өткөн жылы апрелде дагы 64 тонна медициналык жана антисептикалык каражаттар келген.