Жаңылыктар
Коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү учурда өлкө аймагы боюнча жигердүү баскычка келип жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү учурда өлкө аймагы боюнча жигердүү баскычка келип жетти

Коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү учурда өлкө аймагы боюнча жигердүү баскычка келип жетти. Республикалык эмдөө борборунун маалымдагандай, күнүнө 15-16 миң жаран вакцина алып жатат. Дарыгерлер мындай көрсөткүч менен жугуштуу инфекциянын алдын алуу ыргагы да жогорулаганын белгилешүүдө. Андыктан алдыдагы бир ай ичинде 1 млн 200 миңден ашык кишини эмдөө планы бар.