Жаңылыктар
Баткенде 8500 адам эмделди
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде 8500 адам эмделди

Баткен облусу Кытайдан кечээ келген "Синофарм" вакцинасынан 80 миң дозаны күтүп жатат. Биринчи партияда 40 миң доза алышат. Буга чейинки эмдөөнүн жүрүшүндө облуста вакцина алгандардын саны сегиз миңден ашты. Дарыгерлердин айтымында акыркы учурда ыктыярдуу түрдө эмдөөдөн өтүүнү каалагандардын саны көбөйдү. 

29-марттан тартып коронавируска каршы эмдөө башталган. Жалпысынан Баткен облусунда 8570 адам эмделди. Облуста бүгүнкү күнгө чейин 11 пункт ачылган болсо, азыр 40 жерде ачылып, массалык эмдөө жүргүзүлөт. Бул- вакцина алууну каалаган адамдардын санынын өскөнүнө да байланыштуу дешет ак халатчандар.
 
Коронавируска каршы вакцина эки дозада берилет. Биринчи эмдөөдөн өткөн соң 21 күндөн кийин экинчисин алууга тийиш. Буга чейин кытайдан алынып келинген 10 миң доза синофарм вакцинасы берилген.
 
Эмдөө бардык адамдарга акысыз жүргүзүлөт. Бул үчүн адамдын ден соолугу чың болуусу шарт. Эгерде кандайдыр бир ооруу байкалса дарылангандан соң гана вакцина берилет. Ошол эле учурда айрым чектөөлөр да бар.

Эмдөөнүн биринчи этабында медицина кызматкерлери, мугалимдер, социалдык кызматкерлер жана чек арада иштеген аскер адамдарынан кийин 65 жашка чейинки жарандар менен өнөкөт оорусу барлар эмделсе, 11-июлдан тартып массалык эмдөө башталды.