Президент Садыр Жапаров бизнес-коомчулугу менен болгон жолугушууда берген тапшырмалардын аткарылышы боюнча тескемеге кол койду. Анда тийиштүү мекемелердин жетекчилерине берилген милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу тапшырылган. Өлкө башчысынын тапшырмаларын талаптагыдай аткарбаган жетекчилер тартиптик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Тескемеге ылайык, министрлик, ведомстволор азыр кандай иш-чаралардын планын даярдап жатат? Алар көрсөтүлгөн мөөнөттө тапшырмаларды аткара алабы?