Өзбекстандын Фергана шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары чек ара маселесин талкуулашты.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар чектешкен аймактар боюнча айтылып келген сунуштарды ортого салышты. Жолугушуу жагымдуу маанайда өтүп, жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлду. Кийинки сүйлөшүүлөр Кыргызстандын аймагында өтөт.