Өлкөдө кийинки аптада бул жумадан дагы аптаптуу ысык болот.
Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. 8-июлга чейин ченемден ашкан ысык 41 градуска чейин жетиши мүмкүн. 9-11-июль күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. 9-июлда секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болот. Ушул эле күндөрү Ысык-Көл, Нарын облустарында күндүзү маал-маалы менен жаан жаайт. 11-12-июлда өлкөдө түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаашы мүмкүн.