Баткен облусунун өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун ишинин алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун катышуусу менен онлайн талкуу өттү. Төрага өз сөзүндө мекемелер аралык түзүлгөн топтун мүчөлөрүнө Баткен облусуна өзгөчө макам берүү тууралуу мыйзам долбоору жөн гана кагаз жүзүндө эмес реалдуу өнүгүүгө иштеш керектигин айтты. Ал үчүн жоопкерчиликтүү карап, ар бир министрлик өз сунуштарын бериши керек деди. Жумушчу топ Баткенди өнүктүрүү долбоорун даярдоонун алкагында 29-июндан тартып, көчмө жыйындарды уюштуруп, жергиликтүү тургундар менен жолугушууда.