Жаңылыктар
Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштарда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштарда

Бүгүн Президент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектеп жана лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө "Алтын сертификаттарды" тапшырды. Мамлекет башчы келечекте ар кыл кесиптин ээси болууга кадам таштаган бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, ааламдагы эң кымбат ресурс — билим экенин белгиледи. Мындан улам билим берүү тармагын жакшыртуу артыкчылыктуу багыт - деди Президент. Коомчулук да билим берүү тармагынын өнүгүшүнө, билим сапатынын жакшырышына багытталган реформалардын жүзөгө ашуусуна кызыкдар.