Президент Садыр Жапаров “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык баардык укуктук ченемдик актылар шайкеш келтирилүүдө. Ага ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүн жана ыйгарым укуктарын жөнгө салууну шарттаган мыйзамдык база да өркүндөтүлүүдө.