Жаңылыктар
Кыргызстанда коронавирус дагы 992 адамдан аныкталып, 6 бейтап каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда коронавирус дагы 992 адамдан аныкталып, 6 бейтап каза болду

Кыргызстанда коронавирус дагы 992 адамдан аныкталып, 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 567, Ош шаарында – 34, Чүй облусунда – 137, Ош облусунда – 42, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 22, Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 84, Баткен облусунда – 65 адамдан илдет табылды. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 995 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 357 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 33 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.