Замир Ракиев Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы - муфтий болуп шайланды.
Анын талапкерлигин өлкө мусулмандарынын жетинчи курултайына катышкан 220 делегат бир добуштан колдоду. Муфтийликке Ракиевден башка дагы 8 киши ат салышкан. Ал эми борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп 14 талапкердин ичинен Бактыбек Нурдинов шайланды. Ушул эле күнү Аалымдар кеңешинин курамы да жаңыланды. Кенешке мүчө болууга 61 киши арыз берген. Эске салсак, аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө, муфтийликке жана анын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак 17-февралда жарыяланган.