Жаңылыктар
Руслан Казакбаев Россиянын КРдагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Руслан Казакбаев Россиянын КРдагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын КРдагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. 

Жолугушууда тараптар алдыдагы эң жогорку жана жогорку деңгээлдерде тышкы саясий иш-чараларды, алардын ичинде Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын жабылыш аземи тууралуу пикир алышты. Ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын жана өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мындан сырткары, алар Президент Садыр Жапаровдун Москва жана Сочи шаарларына болгон иш сапарларынын жыйынтыгында эң жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча иш аракеттерди активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти.