Жаңылыктар
Президенттин тапшырмасынын алкагында
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин тапшырмасынын алкагында

Энергетика министрлиги мындан ары өлкөдөгү чакан ГЭСтерден электр энергиясын сатып ала баштайт. Буга багытталган алгачкы келишим "Чакан ГЭСтер" консорциуму менен министрликтин ортосунда түзүлдү. Эске салсак, 23-июнда президент Садыр Жапаров бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушкан учурда жеке ишкерлер электр энергиясын сатуу маселесине келгенде көйгөй жаралып жатканын айтып арызданышкан. Өлкө башчысынын тапшырмасы менен маселе эки күн ичинде чечилди. Өкмөт жеке ишкерлерге шарт түзүү маселеси эми мындан ары да ыкчам чечилет деп убада кылууда.

Кыргызстандын көпчүлүк аймактары чакан гидро электр станцияларын куруп, электр жарыгын өндүрүүгө ыңгайлуу. Бул тармакта эмгектенген ишкерлер да аз эмес. Жеке ишкер Рахатбек Ирсалиевдин чакан ГЭСтерди куруу тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар. Ысык-Көлдө буга чейин алардын бир нечесин курган. Бирок, негизги көйгөй чакан ГЭСтерден өндүрүлгөн электр жарыгын сатып ала турган кардар жок. Бул маселени айтып ишкер 23-июнда президентке бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда кайрылган.

Президент үчүн бул маселе жаңылык эмес экен. Анын кышында берген тапшырмасы ушул кезге чейин аткарылбай келген.

Андыктан энергетика министринин орун басарына эки күндүк мөөнөт берип, ишкерлердин маселесин чечүүнү тапшырган.

Эки күндүк мөөнөттө тапшырма аткарылды. Бүгүн энергетика жана өнөр жай министрлиги “Чакан ГЭСтер” консорциуму менен келишим түздү. Анда электр энергиясынын баасы тууралуу да маселе чечилди.

Электр энергиясынын булактарын кайра калыбына келтирүү боюнча буга чейин эле мыйзам болгон. Бирок, мурдагы өкмөт аны коштоочу ченемдик укуктук актыларды чыгарбагандыктан ал иштеген эмес. Андыктан депутаттар мыйзамдарга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизип, тез арада кабыл алып берүүнү көздөп жатышат. 

Белгилүү болгондой, энергетика министрлиги электр энергиясын азырынча үч чакан ГЭСтен сатып ала баштайт. Ал эми келечекте алардын санын мүмкүнчүлүк жетишинче көбөйтүү максатка ылайык. Мында жеке ишкерлердин салымы өтө чоң.