Электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Болгону кыш-күз айларына камылга көрүүнүн алкагында жүргүзүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу чектөөлөр болуп жатат. Мындай пикирин Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
Ошол эле учурда быйыл кургакчылыкка байланыштуу суу тартыш болуп жаткандыктан, адистер электр жарыгын үнөмдүү пайдаланууга чакырууда. Азыр жайкысын жарыкты үнөмдүү пайдалансак кышкысын маселе жаралбайт дешет.
Азыр энергетика тармагын өркүндөтүп, элди сапаттуу тейлөө менен камсыздап, экономикага натыйжалуу пайда түшкүдөй иштетүү максаты турат. Бул максатта Токтогул ГЭСин пайдалануу мөөнөтүн дагы 35-40 жылга узартуу үчүн модернизация иштери жүрүп жатат. Бул жумуштардын натыйжасында ГЭСтин кубаттуулугу 240 мегаВаттка чейин көбөйөт. Жыл сайын Кыргызстанда дээрлик 15 млрд. кВт/ч чейин электр энергиясы өндүрүлөт. Бул энергиянын 40 пайызын Токтогул ГЭСи өндүрөт. ГЭСтин кубаттуулугу - 1200 МВатт.