Жаңылыктар
"Кумтөр иши": Өмүрбек Бабанов камакта калды
Кыргызстан жаңылыктары
"Кумтөр иши": Өмүрбек Бабанов камакта калды

Өмүрбек Бабанов тергөө аяктаганга чейин, тактап айтканда 31-июлга чейин камакта калат. Мындай чечимди бүгүн Бишкек шаардык соту кабыл алып, Бабановдун жактоочулары талап кылган "анын баш коргоо чарасын өзгөртүп бергиле", - деген арызды канаатандыруусуз калтырды. 

Мурдагы премьер-министр "Кумтөр" келишиминдеги коррупция боюнча айыпталып 31-майда камакка алынган. Биринчи Май райондук соту анда Бабановдун баш коргоо чарасын 31-июлга чейин камакка алынсын деп белгилеген. Бүгүн Өмүрбек Бабановдун ондогон тарапташтары анын боштондугун талап кылып митингге чыгышкан.