Жаңылыктар
Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондорундагы 200дөй скважина оңдолот
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондорундагы 200дөй скважина оңдолот

Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондорундагы 200дөй скважина оңдолот. Бул тууралуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдылбай Жайлообаев билдирди. 

Анын айтымында, антикризистик чаралардын алкагында эки райондун аймагына совет мезгилинде курулган скважиналар оңдолот. Ал кезде өлкөдө 5 миңдей скважина болгон. Бирок убакыттын өтүшү менен көбү иштебей калган. Эми суу тартыштыгы көйгөй боло баштаганда өкмөт аларды калыбына келтирип, ишке киргизүү жагын ойлоно баштады. 

Катар фонду каржылык жактан жардам берүүнү карап жатат, дейт Жайлообаев. Ошондой эле облус аймагына суу сактагычтарды куруу дагы пландалууда.