Жаңылыктар
Базар баасын турукташтыруу
Кыргызстан жаңылыктары
Базар баасын турукташтыруу

Сырттан ташылып келген май менен кум шекерге кошумча нарк салыгы төлөнбөйт. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги мындай демилгени азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу максатында сунуш кылууда. Бир катар министрликтерден колдоо тапкан демилге ушул тапта өкмөттүн кароосунда. Айта кетсек буга чейин мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан импорттолуучу кум шекер менен өсүмдүк майына кошумча нарк салыгы 0%га түшкөн. 

Зулайка Арыкбаева эң керектүү делген азык-түлүктөрдү сырттан ташып алектенгенине 10 жылга чукулдады. Айтымында пандемия башталганы Орусияда өсүмдүк майынын баасы 2 эсе жогорулады. Ошентсе да ишкер айым өлкө калкына негизги тамак-аштын түрлөрүн бардык учурда сатып алууга жеткиликтүү болсо деп аракет жасап келет.


Элге эң керектүү делген тамак-аштарды сырттан ташууга жакынкы күндөрү жеңилдиктер кирет. Айыл чарба министрлиги азык-түлүктүн баасын турукташтыруу максатында, өсүмдүк майы менен кумшекерди импорттоодо төлөнө турган 12%дык кошумча нарк салыгын алуу демилгесин көтөрүп жатат. Мындан сырткары аларды сатууда төлөнүп келген 12% кошумча нарк салыгы да жоюлат. Мындай кадам, соода түйүндөрүндө да баанын төмөндөшүн шарттайт. 

2020-жылы кумшекердин 56 пайызы ата мекендик компаниялар тарабынан өндүрүлсө, калган 44 пайызы коңшу өлкөлөрдөн импорттолгон. Быйыл кант кызылчасынын талаасы 3 миң гектарга кеңейтилип, ал ортодо кумшекер менен майды сырткы өлкөлөргө чыгарууга да тыйуу салынды. Мунун баары өлкөдө эң керектүү азыктардын тартыштыгына жол бербөө жана алардын баасын түшүрүүгө багытталат.

Мындан сырткары азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу аракетинин аркасында Кытай Кыргызстанга 40 миң тонна ун, 20 миң тонна шекер жана 20 миң тонна өсүмдүк майын жөнөтөт.