2021-жылдын 20-июнунда УКМК кызматкерине топтолгон жаш балдар тарабынан жасалган бейбаштыктын натыйжасында, УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери каза болду.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү “Бейбаштык менен өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды.
Кыргыз Республикасынын УКМК каза болгон Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.