Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында Чангылов атындагы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.
Мектептин долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелип, ал эми 500 окуучуга чейин окутууну камсыз кылат.
Жаңы мектепте, окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал жана жабдылган химия, эмгек, физика жана информатика класстары тургузулган. Ошондой эле, мектептерде толук кандуу окуу процесси үчүн бардык зарыл болгон шарттар, жабдуулар жана эмеректер каралган.
Белгилей кетсек, жаңы мектептин курулушу өткөн жылдын январь айында башталып, алардын сметалык наркысы 705 миң 438 АКШ долларын түзгөн.