Жаңылыктар
Руслан Казакбаев «Анталья дипломатиялык форумуна» катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Руслан Казакбаев «Анталья дипломатиялык форумуна» катышты

«Анталья форуму инновациялык дипломатиялык ыкмаларды колдонуу менен коопсуздукту, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо максатында кызматташууну өнүктүрүү үчүн салттуу жана абройлуу глобалдык аянтчага айланат». Мындай пикирин Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Анталья дипломатиялык форумунда» сөз сүйлөп жатып билдирди. 

Ал дүйнөлүк коомчулук саясий, экономикалык, экологиялык жана гуманитардык туруктуулукка, эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча көз караштардын жана позициялардын биримдигине жетише алат деген ишенимин билдирди. Министр Казакбаев мамлекеттер аралык талаш-тартыштарды бир гана тынчтык жолу менен жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү зарылдыгын белгиледи. Бул контекстте ал жакында кыргыз-тажик чек арасында орун алган жаңжалды эскерип, тараптар аны дипломатиялык ыкмалар менен чечүүгө умтулгандыгын белгиледи. 

Учурда дүйнөдө түзүлүп жаткан геосаясий архитектураны белгилеген Казакбаев, Азия континентиндеги интеграциялык процесстердин маанилүүлүгүнө токтолду. Ал катышуучуларды регион менен жалпысынан континенттердин ортосундагы соода-экономикалык, транзиттик, транспорттук, энергетикалык жана маалыматтык технологиялык кызматташууну активдештирүүгө чакырды.