Өлкөдөгү эпидемиялык кырдаал курч бойдон калууда. Өткөн суткада инфекциянын 653 жаңы учуру аныкталды. Адистердин айтымында, азыр коронавирустун массалык көбөйүп кетишинин алдын алуу жолу эмдөө болуп турат. Кечээ Орусиядан алып келинген “ Sputnik V” вакцинасын 60 жаштан жогорку адамдар, медициналык кызматкерлер жана өнөкөт оорулары бар адамдар алып баштады.