Кыргызстан Борбор Азиядагы мөңгүлөргө бай тоолуу өлкө. Канчалаган жылдар мурун 8 миңден ашык мөңгү бар деп айтылып келсе, азыр алардын аймагы кыйла азайды. Учурда Кыргызстан мөңгүлөрдүн абалын көзөмөлдөө жана алардын өзгөрүшүнө жетиштүү жооп кайтаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүүнү көздөп жатат. Ал ортодо мөңгүлөрдү коргоо боюнча мыйзам иштелип чыгууда.