Президент Садыр Жапаров бүгүн жумушчу сапары менен Нарын облусуна барды. Аймакта өлкө башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү деген бир катар суроолоруна жооп берди. Андан сырткары президент «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышып, ага катар облустагы инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу пландары менен таанышты.