Токтогул суу сактагычын суу менен камсыздаган негизги куйма - Нарын дарыясы. Мындан сырткары оң жээктен Торкент, сол жээктен Узун-Акмат, өйдө жагынан Чычкан дарыясы куят. Бүгүнкү күндө суунун агып келиши 762 метр кубду түзүүдө. Адистердин айтымында суунун көлөмү былтыркы деңгээлде агып жатат.