Бишкекте жол салуу үчүн айрым жер тилкелерин менчик ээлеринен сатып алууга туура келип жатат. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди. Учурда борбор калаанын жолдорун оңдоодо аллеяны кошо салуу пландалгандыктан, көчөнү кеңейтүү зарыл болуп калды. Мындан улам айрым жерлерде иш токтоп калууда.