Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди жана кытай элин Кытай Коммунисттик партиясынын 100 жылдыгы менен куттуктады. Өлкө башчысы өз куттуктоосунда Кыргызстан менен Кытай - ынак коңшу, достук мамиледеги жана стратегиялык өнөктөш мамлекеттер экенин белгилеп, эки өлкө ортосундагы мамиле ылдамдык менен өнүгүп жатканын, жакынкы жылдан бери, Кыргызстан «Бир алкак - бир жол» долбооруна активдүү катышып, Кытай менен бирге көптөгөн пайдалуу долбоорлор ишке ашырылып жатканын айткан.