Кыргызстанда кум шекер жана өсүмдүк майын кымбат баада саткан 23 факты аныкталды. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө ички рынокто баалардын кескин өсүшү кум шекер, өсүмдүк майы, жумуртка жана сабизде байкалууда. “Өсүмдүк майы жана кум шекерди жөнгө салуу боюнча министрлер кабинетинин токтому чыккан.
Учурда аталган эки азыкка тийиштүү соода үстөктөрүн белгилегенбиз: Чүй, Бишкек, Ысык-Көл, Талас, Нарында 10%, Баткен, Ош жана Жалал-Абад обулсунда 13%дык үстөк менен көзөмөл иш-чараларын жүргүзүп жатабыз. Өлкө боюнча жалпы 313 объектте 48 текшерүү болуп, тартип катары коюлган баадан ашыра саткан 23 факты аныкталды”, - дейт ал.