Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Мурдагы өлкө президентинин аппарат башчысынын орун басары кармалды.
УКМК мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, Президенттин Аппарат жетекчисинин экс-орун басары Алмамбет Салиев мыйзамсыз байыганы боюнча фактылар аныкталды.
Такталгандай, Салиев мурда Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болуп турганда, кызмат ордундагы таасиринен пайдаланып, мамлекеттик структураларга зыяны тийген жеке структуралардын кызыкчылыктарын көздөп иштеген. Укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен. Ошондой эле, Салиев мамлекеттик кызматта иштеген мезгилде, өзүнүн расмий кирешеси менен эч бир салыштырып болбогон мүлктү сатып алгандыгы аныкталды. Муну менен катар, Алмамбет Салиев ушундай жол менен алынган олуттуу киреше каражаттарын көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине жумшаган.
Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Салиевдин бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Иште чогултулган далилдердин негизинде, 16-июнда Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча Алмамбет Салиев кармалып, УКМКнын тергөө жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.